БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Кыргызгидромет алдыдагы апта ичинде өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайынын божомолун таратты.
Билдирмеге караганда, келе жаткан жуманын башында күндүн көзү бузулуп, жаан-чачындуу болот.
28-майда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге чейин жетиши мүмкүн.
29-майда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарындын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Ал эми апта аягы 2-3-июндарда күн ысып баштайт. Абанын температурасы 27… 32 градуска чейин жетет.
Бишкек жана Ош шаарларында 28-майда мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
29-майда жана 30-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бирок 30-майда күндүзү жамгыр жаай турганы айтылат.