Өзгөчө үндүү Диана Анкудинова "Ты супер" сынагынын жеңүүчүсү болду. Видео

Жеңүүчү кыз 49 пайыз көрүүчүлөрдүн добушун алган.
Sputnik

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Россиянын жаш аткаруучусу Диана Анкудинова "Ты супер" музыкалык сынагынын экинчи бөлүгүнүн жеңүүчүсү деп табылды.

Финал ишемби күнү өтүп, анда 11 катышуучу ат салышкан. Сынактын соңунда катышуучулардын бардыгы долбоордун атынан ардак грамота менен сыйланып, "Артек" балдар борборуна жолдомо алышты.

Жеңүүчү Анкудинова 14 жашта, Россиянын Тольятти шаарынын тургуну. Ал Москвадагы музыкалык мектепте окууну кыялданат.

Финалда күтүүсүз жерден продюсер Игорь Крутой ага Россиянын борборунан батир белек кыларын айтып, кызды кубандырды.

Эми Анкудинова Россиянын атынан "Балдардын жаш толкун" эл аралык сынагына катышат.

Тимати конкурста Расул Маматкуловдун баласынын ырдаганын жактырбай койду
Эске салсак, долбоордун жеңүүчүсүн көрүүчүлөр аныктап, Анкудинова 49 пайыз добуш топтогон. SMS-добуш берүүдөн түшкөн каражаттын бардыгы кайрымдуулук иштерине жумшалат.

Сынакта экинчи орунду белоруссиялык Вера Ярошик, ал эми үчүнчүнү россиялык Роман Дружинин алды. Төртүнчү орун татарстандык Эльвира Яхьевага буйруса, бешинчи орунга дагестандык Владимир Скрипаль татыган.

Белгилей кетсек, сынактын жеңүүчүсүнүн аткаруусундагы чыгарманын видеосун кыска убакыт ичинде 11 миллиондон ашык интернет колдонуучу көргөн.