БИШКЕК, 27-май. — Sputnik.The Daily Mail басылмасы жазып чыккандай окуя Англиянын Гримсби шаарында болгон.
Видеодо көрүнүп тургандай ак куу сазга батып бараткан экинчи ак кууну куткарууга аракет кылып жатканын көрүүгө болот. Тилекке каршы, аракетинин акы бети кайткан эмес. "Түгөйү" акыры өлүп калган.
Окуяны видеого тартып алган Эндрю Вулси тасманы интернетке чыгарып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылган.
Анын айтымында, жергиликтүү бийлик сазга айланган Фрешни дарыясынын маселесин чечүүгө аракет жасабай жатат. Анын кесепетинен аймакты байырлаган канаттуулар менен жаныбарлар жабыркап жатат.
Буга чейин ушул сыяктуу окуя Кытайда дагы болгон. Анда ит унаа алдында калган досун "тирилте" албай убара болгон.