Радио

Сайназаров: балага тарбияны мектеп эмес, ата-эне бериши керек

"Жалпы кызыкчылыкты издөө" эл аралык уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси, билим берүү тармагында серепчи Кеңешбек Сайназаров учурда ата-энелер балдарынын тарбиясына олуттуу мамиле жасабай калышкандыгын айтты.
Sputnik
Сайназаров: балага тарбияны мектеп эмес, ата-эне бериши керек

Балага тарбияны мектеп эмес, ата-эне берет. Эгер бала өз теңтуштарынын арасында ийгиликтерге жетишпей жатса ар бир ата-эне баласы эмес, өзү эмнеден ката кетирип атканын анализдеп чыгуусу зарыл. Мындай пикирин Кеңешбек Сайназаров Sputnik Кыргызстан радиосуна мектептеги билим берүү боюнча маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бала мектепке бардык жагынан даяр болуп баруусу керек. Анын үй тапшырмаларын аткарууга, жөн эле аткарып койбой ошонун тегерегинде ой жүгүртүүгө ата-эне үйрөтүүсү шарт.

"Биз балдарды жараткан соң анын кандай адам болору толук өзүбүздүн колубузда. Мектеп балага билим гана бере алат. Тилекке каршы, учурда балдарыбыздын жүрүм-турумун, инсандык тарбиясын мугалимдерге жүктөп коюп жатабыз. Ийгиликке жетишкен ар бир адамды карасаңар бала кезинде ата-энеси же башка жакындары мыкты тарбия берген, туура багыт көрсөткөн. Мектепте болобу, турмушта болобу, алдыга коюлган маселеде балага өз алдынча ой жүгүртүп чечкенге үйрөтүшүбүз керек", — деди Сайназаров.

Ал ар бир ата-эне баланын алдында жоопкерчилигин, милдеттерин аткара билгенде гана ошол өлкөдө билим деңгээли жогоруларын кошумчалады.