Беш жашар кыз апасынын көз алдында үзүлүп кетти... Психолог Иманалиева менен маек

Керебетте наристе кыз оорудан онтоп жатат. Колунан кармаган апасы бул жарыктан узап бараткан кызын сактап калууга кудурети жок. Бөлмөдө дагы бир адам отурат, анын же чыгып кетүүгө, же ыйлап салууга акысы жок эле. Анткени Бермет Иманалиева — жаман кеселден жапа чеккен балдар менен иштеген психолог.
Sputnik

Бермет Иманалиева бардар үй-бүлөдөн чыккан. Ал деле кымбат жолтандабасты зуулдата айдаган, кезектеги отуруштан тартылган сүрөттөрүн социалдык медиага жайнаткан "алтын" жаштардын катарын толуктай алмак…

Бирок андай турмуштун ордуна ал эң татаал кесипти тандап, "Help the Children – SKD" кайрымдуулук фондусунун психологу болуп орношуп, азыркы тапта балдар онкологиясы бөлүмүндө иш алпарат.

— Бала чагыңыз туурасында билсек…

— Ысык-Ата районундагы Ичке-Суу айылында өткөн балалыгым. Ал жакта чоң энем турчу. Мектепке Бишкектен барганым менен жыл өткөн соң кайра айылга кайткам. Чоң энем улгайып калган, жалгыз калтыргым келген эмес. Экөөлөп отун жарып, азык белендеп, кышка камылга көрөр элек.

Айыл мектебинде окучумун, бирок үч жылдан кийин жакшы билим алышыма карап ата-энем мени Бишкекке алып кетишкен.

Психолог, которая работает с больными раком детьми Бермет Иманалиева

— Эмнеге "алтын" жаштардын башка өкүлдөрүндөй өмүр сүрүүнү тандап кетпедиңиз?

— Ооба, бардар үй-бүлөдөнмүн. Көп нерсеге убакыт бөлө алчу эмесмин, анткени, эки иним бар. Ата-энем иш сапарга көп чыккандыктан, тамак жасап, кир жууп, үй жыйнашым керек болчу. Баарын аткарчумун!

— Бардарчылыгыңызды байкатчу эмес белеңиз?

— Мектепте заңгыраган кабат үйдө жашаганымды айткандан уялчумун. Классташтарым билип калганда аябай таң калышкан.

— Мектепти аяктарыңызда эле психолог болууну чечтиңизби?

— Агезде бул эмне болгон кесип экенинен деле кабарым жок эле. Ошентсе да Кызыл жарым ай коомуна ыктыярчы болуп киргем. Начар турган үй-бүлөлөргө азык-түлүк, кийим жеткирип турчубуз.

Онкология борборунун башчысы Тилеков: энем өлсө кантип ыйлайм деп сарсанаа болдум
Эң биринчи камкордугума алган адамды эч унутпайм. Майып, баса албаган эже болчу. Бирок алтынчы класстагы уулу балет мектебинде окуй турган. Алты саны аман кишилер да наалый беришет эмеспи, ал эми ал аял таптакыр эле чүнчүп кеткен.

Мага чай берип, быштактан ооз тийгизип, ал сөөктөр үчүн пайдалуу экенин айтканы эсимде. Көпкө баарлаштык, жашоо уланарын, уулу үчүн күчтөнүшү керектигин айтып көндүргөм.

Ошондо өңү өзгөрө түшкөн. Бир саамга ойлоно түшүп, анан мага: "Ооба, мени жуунтуш байкуш балама өтө кыйын!" деди. Азыр мен ага азык-түлүк менен гана эмес, моралдык жактан да жардам бердим деп ойлойм.

— Кызыл жарым ай коомундагы иштен кийин үй-бүлөлүк турмушка сүңгүп кеттиңиз?..

— Бишкек гуманитардык университетин практикалык психология адистиги боюнча бүтүргөм. 10 жыл үйдө отурдум, жолдошума, үч балама кам көрдүм. Анан адамдарга жардам беришим керек деген ой келди. "Поколение Best" ("Best муун") коомдук бирикмесинин төрайымы Нуриля Чекированын маеги чыккан журнал колума тийип калды. Facebook тармагынан ага жазып, таанышкым келгенин билдирдим. Жолугуп, кызматташа баштадык.

Психолог, которая работает с больными раком детьми Бермет Иманалиева

— Алгачкы биргелеше жасаган кайрымдуу ишиңиз кандай эле?

— Төмөнкү Серафимовка үй-интернатына барганбыз. Нуриля ал жакта көңүлгө оор тийчү майып, улгайган адамдар, кайгы-муң, жыт-жыбыр сыяктуу нерселерге туш болорумду айтып, айнытууга аракет кылды. Бирок мен жийиркене турган адамдардан эмесмин, баары бир ал жакка жөнөдүм.

Рак илдетин жеңген кыргызстандык айымдардын укмуштай кулпурушу
Ошондо көргөн бир киши жадымда сакталып калды. Ал турмушунан баяндап берген. Качандыр бир кезде ал ийгиликтүү ишкер болуптур, жакшы акча тапчу экен. Бакубат жашоосунан бир күндөколжууган: бизнеси кыйрайт, аялы балдарын алып кетип калат. Андан аркысы андан да оорлойт. Достору менен отурган маалда ага кол салышып, сабап, аязга таштап салышат. Ал киши "Тез жардамдын" дарыгерлери келгенче эки сутка карда жатып калган экен. Эки бутун тең кесүүгө туура келет. Туугандары андан кол үзөт. Бирок ал киши тагдырдын жазганы деп кол куушуруп отуруп калбай, өмүрүн улап кетүүгө күч табат. Майыптык коляскада, интернет аркылуу балдарын тапкысы келет, өзү да абдан тыкан. Бөлмөсүндө жаман жыт жок экендигин, себеби, өзүн абдан тыкыр карарын айткан. Ага шампунь белек кылганым да бар.

— Кандайча "Help the Children – SKD" коомдук кайрымдуулук фондусунун психологу болуп калдыңыз? Рактан азап чеккен балдар менен баары эле иштей албайт.

— Татаал экендигин мага дароо эскертишкен, бирок практикадан өткөндөн кийин иштейм деп так кесе чечтим.

Иштей баштадым, дароо эле алты жашар бала көңүлүмдү бурду. Ал төшөктө жатчу, аянычтуу, аябай кичине… Апасы жанында жок эле, чет өлкөдө иштейт экен. Атасы уулуна кантип жардам берерин билбей, каңырыгы түтөйт.

Жанына барып: "Салам, менин атым Бермет. Сенин атың ким? Эмне мынча көңүлүң чөгүңкү?" деп сөзнө тарттым. Акырындап бала жибий баштады. Жайында ал акырындап басып калды, кийин апасы кайтты. Азыр алар чет өлкөдө нур терапиясынан өтүүдө.

Психолог, которая работает с больными раком детьми Бермет Иманалиева

— Врачтар балдарга алардын дарты эмне экенин эч качан түшүндүрүшпөйт. Балдар жаман бир нерсе болуп жатканын сезишеби?

— Жок, алар андай нерсени ойлошпойт. Ата-энелерин карай албайсың, алгачкы айларда кайда чуркасак, кантип айыктырсак, эми эмне болот деп баштары маң. Ал эми балдар бала да: шайы болсо, ойноп, күлүп, жыргап калышат.

— Эч кимдин колунан келбей калганда эмне кылуу зарыл?

Калдуу адамдар тери рагына көп чалдыгабы? Онкодермотолог оору тууралуу
— Жөн гана жанында болуу керек го. Бизде беш жашар бир кыз жаткан. Баланын андай кыйналганын эч көргөн эмесмин. Бир жума ыйлады. Бир маалда анын жүзүнө тигиле наристеден айрылып каларыбызды ойлоп, денем дүркүрөй түштү. Эртеси күнү абалы начарлады. Керебетте жатат, апасы түнү бою маңдайынан сылап чыкты. Ал эми мен жанында турам, бир нерсе дештин да кереги жок эле. Таңда жаны учту. Көчөгө чыктым да, көз жашымды тыя албай, өзүм психологго телефон чалганым эсимде.

Бир топ мезгилден кийин анын апасын бейтапканадан көрдүм, кенже уулу менен кан тапшырып жүргөн экен. Ал мени дароо таанып, ыраазычылыгын билдирди.

— Жашап кете албай турган балдардын ата-энелерине эмне дейсиздер?

— Үмүт эч убакта өчпөйт. Керемет да болот. Аябай оор абалдагы бир кыз түшкөн. Тилден калып, баса албай, карышып кала берчү. Үйүнө, түштүккө алып кетишти. Ал кыз, анын апасы менен байланышты үзбөдүм. Баары жамандыкка даярданып, моюн сунуп калышкан. Бирок бала күтүүсүздөн чымыркана баштайт. Акырындап басып, жылмайып калган. Бул керемет эмей эмне?