Кыргызстандык жаран Кипрде жогорку кабаттан кулап, кырсыктады

Портал кыргызстандык 27 жаштагы жигит шаардагы мейманканалардын биринде иштеп турганын жазган.
Sputnik

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Кипрдин Гирне шаарында кыргызстандык 27 жаштагы жаран өзү жашаган көп кабаттуу үйдөн учуп кетип, ооруканага түштү. Бул туурасында Haberkibris маалымат порталы жергиликтүү полициянын басма сөз кызматына таянып билдирген.

Кабарда кырсык 24-майда саат 10:45те болгону айтылат.

"Ал жашаган батиринин үстүңкү кабатынан кулап, оор жаракат алып, Лефкоша шаарындагы мамлекеттик ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер чукул операция жасаган", — деп айтылат маалыматта.

Билдирүүдө мындай кырсык эмнеден чыккандыгын иликтөө иштери башталгандыгы айтылган.

Портал кыргызстандык 27 жаштагы жигит шаардагы мейманканалардын биринде иштеп турганын жазды.

Буга чейин дагы Кырсыктандын чет жакта жашаган бир жараны кырсыктаган. https://sputnik.kg/incidents/20180523/1039298783/elchilik-podmoskovede-olum-kyrgyz-zharany.html