АКШ эксперти РФтин Ак деңизден аткан ракетасына таң берген пикирин жазды

Төрт ракета 2,4 миң килотонна болгон 24 жок кылгычты мээлеген жерге жеткирүүгө жөндөмдүү.
Sputnik

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Суу астында жүрүүчү россиялык "Юрий Долгорукий" кайыгынан атылган ракетанын кубаттуулугу Хиросимага ташталгандай 160 бомбанын кубатына барабар. Бул туурасында АКШ окумуштуулар федерациясынын өзөктүк курал боюнча маалыматтык долбоорунун жетекчиси Ганс Кристенсен Twitter баракчасына жазган. 

​"Р-30 "Булава-30" үлгүсүндөгү төрт ракета биринин артынан бири 20 секунд ичинде кое берилген. Маалыматта бир мүнөттө 16 ракетаны учурууга болот. Төрт ракета 2,4 миң килотонна болгон 24 жок кылгычты мээлеген жерге жеткирүүгө жөндөмдүү. Бул "Хиросиманы" жок кылган 160 бомбанын күчүнө барабар", — деп жазган эксперт.

Россиянын Коргоо министрлиги Ак деңизден баллистикалык төрт ракетаны учурган видео тараткан.