Нарын менен Көлдө кар алдында калган малдын саны. Расмий маалымат

Буга чейин ӨКМ аталган аймактарда 24-25-май күндөрү үшүк жүрөрүн кабарлаган.
Sputnik

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. 24-майга караган түнү Ысык-Көл жана Нарын облустарында калың жааган кардын айынан чабандардын канча магы өлүп, канчасы жоголгонун ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

1 / 5
24-майга караган түнү Ысык-Көл жана Нарын облустарында калың жааган кардын айынан чабандардын канча магы өлүп, канчасы жоголгонун ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты
2 / 5
Эске салсак, буга чейин Ысык-Көлдө жааган кардын айынан 100дөн ашык, Нарында 200 кой өлгөнү кабарланган
3 / 5
Көлдүн Ак-Суу району боюнча — 139 кой, үч жылкы, үч кулун, төрт музоо өлсө, Ысык-Көл районунун чабандары 225 кой менен бир уюнан кол жууган
4 / 5
Ошондо облус боюнча 364 кой-эчки, үч жылкы, үч кулун, бир уй жана төрт музоо мерт кеткен
5 / 5
Ал эми Ысык-Көл облустук администрациянын маалыматы боюнча зыянга учураган малдын саны бир аз көбүрөөк. Анда 424 баш кой-эчки, беш уй, алты жылкы деп көрсөтүлгөн.

Эске салсак, буга чейин Ысык-Көлдө жааган кардын айынан 100дөн ашык, Нарында 200 кой өлгөнү кабарланган.

Көлдүн Ак-Суу району боюнча — 139 кой, үч жылкы, үч кулун, төрт музоо өлсө, Ысык-Көл районунун чабандары 225 кой менен бир уюнан кол жууган. Ошондо облус боюнча 364 кой-эчки, үч жылкы, үч кулун, бир уй жана төрт музоо мерт кеткен.

Жайга бир жума калганда Ысык-Көлгө кар жаап салды. Сүрөт
Ал эми Ысык-Көл облустук администрациянын маалыматы боюнча зыянга учураган малдын саны бир аз көбүрөөк. Анда 424 баш кой-эчки, беш уй, алты жылкы деп көрсөтүлгөн.

Ат-Башы району боюнча өлгөн мал тууралуу жаңы маалыматтар жок. Бирок Ак-Сай өрөөнүндөгү Үч-Эмчек жайлоосундагы чабандын 800 баш кой-эчкиси жоголуп, 200ү кайра табылганы айтылды. Калган 600ү изделүүдө.

Маалыматка караганда, Ат-Башынын жайлоолорунда калган малга 65 түк чөп жеткирилди.

Бүгүн, 25-майда, эки облуста тең Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан чыгымдар такталат.