Быйыл 4 айда былтыркыга караганда 2,2 млрд. сомго көп салык чогулду

Төрт айлыктын жыйынтыгында коюлган план 101,7 пайызга аткарылган.
Sputnik

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Жыл башынан бери өлкө казынасына 24,5 миллиард сом салык жана төлөмдөр чогулганын Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын Кытайга болгон карызы 10 жыл ичинде 200 эсе өскөн. График
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 24 миллиард 550,8 миллион сом өлчөмүндө салык жана төлөм жыйналды. Муну менен коюлган план 101,7 пайызга аткарылып, тагыраак айтканда, 406,3 миллион сомго ашык акча түштү.

Ошондой эле бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 миллиард 211,5 миллионн сомго же 9,9 пайызга жогорулаганы айтылат.