БИШКЕК, 25-май. — Sputnik. Ош шаарындагы беш кабаттуу үйдүн эң алдыңкысында жайгашкан "Дүрдана" чайканасында мештерди пайдаланууда өрт коопсуздугу боюнча эрежелердин бузулушунан улам өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Маалыматка ылайык, кырсык тууралуу билдирүү 24-май күнү саат 22.14тө түшкөн.
"Өрттүн натыйжасында аталган жайдын 70 чарчы метр пластик шыбы күйүп кетти. Эч ким жабыркаган жок", — дешти министрликтен.
Жалынды өчүрүүгө эки бөлүм тартылып, толугу менен саат 23.11де өчүрүлгөн.