Каныбек Иманалиев: Тарых музейиндеги 14 миң евролук аттар эшекке окшошуп турат

25-майда Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча көчмө жыйынга келишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев Тарых музейине алынган жылкылардын статуясы эшекке окшош экенин айтып сынга алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин жыйынга катышкан кабарчысы билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн, 25-майда, Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча көчмө жыйынга келишкен.

"Ар бир атты 14 миң евродон сатып алыптырсыңар. Бирок мунуңар ат эмес эле, эшекке окшоп турат",— деди Иманалиев.

100 миңдик отургучтар... Жаңыланган Тарых музейине депутаттардын ичи чыккан жок
Ошондой эле эл өкүлү Тарых музейин реконструкциялаган СМУ-3 ишканасынын директору Айдарбек Мендеев менен музей жетекчиси Кеңешбек Алмакүчүковго Германиядан тендерсиз сатып алынган эмерек боюнча суроо узатты.
Депутаттын "эмне себептен эмеректи Европадан тендерсиз алдыңар?"деген суроосуна СМУ-3 ишканасынын директору мындай чечим тегерек столдо кабыл алынганын айтты.