БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Өлкөдө 26-май күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Чүй облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 26…31 градус ысык болот. Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 25…30 градуска жетет.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32 градус ысык болушу күтүлөт.
Ал эми Ысык-Көл менен Нарында түнкүсүн 2…7, күндүз 18…23 градус жылуу болушу ыктымал.
Бишкек шаарында түнкүсүн 10…12, күндүз 28…30 градус ысык болот. Ош шаарында түнкүсүн 14…16, күндүз 29…31 градус ысык болушу күтүлөт.