Дем алыш күндөрдө аба ырайы кандай болорун Кыргызгидромет кабарлады

Нарында ишемби күнү түнү термометр нөлдөн төмөн болуп, үшүк жүрөт
Sputnik

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Кыргызстанда ишемби күнү күндүн көзү бузулбайт, ал эми жекшембиде көп аймактарда жамгыр жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул туурасында Кыргызгидрометтен кабарлашты.

26-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ишемби, 26-майда, Чүйдө түнкүсүн аба ырайы түнү 8…13, ал эми күндүзү 26…31 градуска көтөрүлөт. Таласта түндө 7…12 болсо, күндүзү 25…30 градуска ысыйт. Баткенде сымап мамычасы түнү 11… 16ти, күндүзү 28…30ду көрсөтөт.

Нарын менен Көлдө кар алдында калган малдын саны. Расмий маалымат
Ош, Жалал-Абадда түндө 11…16 градус, күндүзү 27…32 градуска чейин ысыйт. Ысык-Көлдө түнкүсүн 2…7, күндүзү 18…23 градус болот. Нарын облусунда түнү 0…-2 болуп, үшүк жүрөт да, күндүзү 18…22 градуска чейин жылыйт.

27-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул маалыматты ӨКМ шашылыш кабар деп таратты. Ал эми Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.

Жекшемби 27-майда Чүйдө түнкүсүн 10…15, ал эми күндүзү 27…32, Таласта түндө 9…14, күндүзү 27…32 градус ысыйт. Баткенде түнү термометр 12…17ке, күндүзү 28…33кө көтөрүлөт. Ош, Жалал-Абадда түндө 12…17 градуска, күндүзү 27…32 градуска чейин ысыйт. Ысык-Көлдө аба ырайы түнкүсүн 4…9, күндүзү 19…24кө чейин жылуу болору айтылды. Нарын облусунда күн түнкүсүн 3…8, күндүзү 20…25ке чейин жылыйт.