Радио

Абдылдаева: бүтүрүү кечесине тыюу салууга каршы чыккан ата-энелер да бар

Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен сырткаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева ата-энелер балдары мектепти аяктап жаткан кезде жакшылап көңүл буруу керектигин айтты.
Sputnik
Абдылдаева: бүтүрүү кечесине тыюу салууга каршы чыккан ата-энелер да бар

Бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салууга каршы чыккан ата-энелер да бар. Алар балдарынын мектепти аяктаган көз ирмемдерин майрамдык маанай менен эстеп калышын каалашат. Бул тууралуу Гүлшан Абдылдаева Sputnik Кыргызстан радиосунун 25-майдагы таңкы эфиринде акыркы коңгуроо салтанаты тууралуу талкууда сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, мунун артынан бүтүрүү кечелеринде жыл сайын жүздөгөн окуучу кырсыкка кабылууда.

"2010-жылы июнь окуясына байланыштуу бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салганбыз. Ага чейин ушул күнү кырсыкка кабылган балдардын саны 1000-1500ден ашса, ошол жылы 123 гана бала жабыркаган. Ал окуучулар да министрликтин буйругуна баш ийбей жашыруун кече өткөргөндөр. Ошондон бери биз жыл сайын мындай салтанаттарга тыюу салып келебиз. Мугалимдерге да кат жөнөтүп, анда ар бирин окуучулардын бүтүрүү кечесине катышпоого, класс жетекчилерди андай майрамдарды болтурбоого милденттендиребиз. Эгер мугалим болбой эле мындай шаан-шөкөткө катышса, ал ошол учурда түздөн-түз балдарга жооп берет. Ошондой эле балдарын кечинде салтанатка жиберген же уюштуруп берген ата-энелерге да мыйзамдын алкагында 5000 сом айып салынат", — деди Абдылбаева.

Ал бул күнү катталган кырсыктардан ичинде авариялар, суицид жана зордуктоолор көп болорун кошумчалады.