Эмнени гана кылышпайт! Бишкекте жол эрежесин бузган айдоочулар

Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы эреже бузгандарга чара колдонот.
Sputnik

Күбөлөр Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp-каналына Бишкекте жол эрежесин бузган айдоочулардын видеосун жиберишти.

Жеңиш майрамы күнү эки миңден ашуун айдоочу жол эрежесин бузуп кармалды
1. Горький менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде S 9657 AK мамлекеттик номери тагылган унаа кайгуулчунун жаңсаганын көзгө илбей, кесилиштен өтүп кеткен. Андан кийин Чехов көчөсүндө KG 07 888 AAA номерлүү унаа каршы тилкеге чыга калган (22-май күнү, саат 13.10дор чамасында).

3. Асаналиев көчөсүндөгү темир жолдо KG 01 844 ACS номери тагылган жолтандабас шлагбаумдун алдында поезддин өтүшүн каршы тилкеге чыгып алып күткөн, кийин кайра өз тилкесине барып кошулган.

Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы эреже бузгандарга карата чара колдонуларын убадалашты.