Бир тонна бешбармак эсиңердеби? Гиннестен жооп келди

Гиннестер рекорддор китебине кирүүгө талапкер катары 117 метрлик чучук жиберилген эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Кыргызстанда жасалган бир тонна бешбармак 25-май күнү Гиннестин рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Гиннестин рекорддор китебине каттоо иштерин жүргүзүп жаткан Солтобек Болотбеков билдирди.

“25-май күнү түштөн кийин расмий жооп келди. Биздин бешбармак жаңы рекорд катары катталды. Буга чейин биринчи жана экинчи турлардан өткөнбүз, ошонун жыйынтыгы чыгыптыр. Гиннестин рекорддор китебининин башкы кеңсеси Лондон шаарында, биз ошол жакка абдан көп докумменттерди, видео, сүрөт, маалымкаттарды жибердик эле, бардыгын карап чыгышыптыр. Эми биз рекорд койдук деп мактана алабыз”, — деди ал. 

Ал эми 117 метрлик чучук рекордго талапкер катары жөнөтүлгөн эмес. 

Бишкек. Архив
Айта келсе аты улук бешбармактын түрлөрү же нарын деген эмне?
“Бешбармакты каттатуу үчүн 1600 доллар каражат сарпталган. Чучукка дал ошончо каражат кетмек. Ошол себептүү ысырапкорчулук кылбайлы деп бешбармакты гана жөнөтүүнү туура көргөнбүз”, — деди Болотбеков. 

Анын айтымында, рекорд бир тонна бешбармакты бышырууга демөөрчү болгон эки ата мекендик компаниянын атына катталды. 

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү 11-мартта бир тонна бешбармак, 110 метр чучук жасап Гиннестин рекорддор китебине кирүү аракети ийгиликтүү аяктады. Натыйжада пландалгандан ашып түшүп бешбармактын салмагы 1464 килограмм чыкса, чучук 117 кулачты түзгөн

Тер төккөн ашпозчулар, сыймыктанган эл. Бешбармак жасалган жерден керемет ирмемдер
Тер төккөн ашпозчулар, сыймыктанган эл. Бешбармак жасалган жерден керемет ирмемдер

Кыргыз бешбармагы кандай бийиктикти багындырганы тууралуу Гиннестер рекорддор китебинин расмий сайтында дагы жарыяланды.

Бешбармакты жасоого 40 ашпозчу 30 жардамчысы менен кошулуп жалпы жонунан 70 ашпозчу тартылган. Аны даярдоого 650 килограмм таза тууралган эт, 700 килограмм камыр кетти. Камыр менен эт алдын ала чакан казандарда бышырылган. Ал эми чучукту эт азыктарын кайра иштеткен компаниялардын бири жасап келген. Улуттук тамактарды даярдоого тогуз жылкы союлган. Буга чейин сегиз жылкы союлары айтылып, бирок ашыгы менен болсун деп кошумча дагы бир жылкы алынган.