Кечээ жааган кар көлдүк чабандардын да 100дөн ашык коюн жок кылды. Сүрөт

Ошол эле учурда Нарын облусунун Ак-Сай өрөөнүндө дагы кардын айынан бир чабан 200 коюнан кол жууган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Калың кардын кесепетинен Ысык-Көл районундагы кыштоодо 112 кой жана бир уй өлгөнүн ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

1 / 3
Калың кардын кесепетинен Ысык-Көл районундагы кыштоодо 112 кой жана бир уй өлгөнүн ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты
2 / 3
Билдирмеге караганда, 24-майга караган түнү Ысык-Көл районунда кар жаап, Сары-Камыш айылынын Эки-Чат кыштоосундагы беш чабанга зыян келтерген
3 / 3
Куткаруучулар жерине барып, кардын астынан өлгөн малды алып чыгып, сарайларды кардан тазалаганы айтылды.

Билдирмеге караганда, 24-майга караган түнү Ысык-Көл районунда кар жаап, Сары-Камыш айылынын Эки-Чат кыштоосундагы беш чабанга зыян келтерген.

Куткаруучулар жерине барып, кардын астынан өлгөн малды алып чыгып, сарайларды кардан тазалаганы айтылды.

Белгилей кеткен, ошол эле учурда Нарын облусунун Ак-Сай өрөөнүндө дагы кардын айынан бир чабан 200 коюнан кол жууган.