Сиздерди студент жана журналисттер үчүн "Радиодо маектешүүнүн өзгөчөлүктөрү" аттуу мастер-класска чакырабыз.
Лектор: Sputnik Кыргызстан радиосунун продюсери — Вадим Осадченко
Иш-чара SputnikBilim билим берүү долбоорунун алкагында 25-май күнү 14:00дө Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өтөт.
Осадченко угармандарга радионун жумушу, аталган кесиптин өзгөчөлүктөрү жана радиомаек жанры тууралуу айтып берет.
Катышуучу:
Вадим ОСАДЧЕНКО —Sputnik Кыргызстан радиосунун продюсери.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунун дареги: Бишкек шаары, Эркиндик проспектиси, 46 (Чүй проспектиси менен кесилишет).
Катталуу үчүн +996 312 98-60-27, +996 312 98-69-47 телефондоруна чалыңыз.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде боло турчу маалымат жыйындары, чогулуштар тууралуу маалымат алып турам десеңиз a.valiev@sputniknews.com электрондук дарегине жазып коюңуз.