Радио

Адиев: май куюучу жайлар коомдук жай менен үйдөн 50 метр алыс болушу керек

Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциянын Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Мелис Адиев мыйзамды бузуп курулган май куюучу жайлардын ишмердүүлүгү дароо токтотуларын айтты.
Sputnik
Адиев: май куюучу жайлар коомдук жай менен үйдөн 50 метр алыс болушу керек

Мыйзамды сактабай курулган үч май куючу жай жабылды. Белгиленген аралыкты сактабаган учурлар кездешкенде биз токтоосуз чара көрөбүз. Бул тууралуу Мелис Адиев Sputnik Кыргызстан радиосуна мыйзамсыз курулуштар боюнча сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул боюнча катуу көзөмөл башталды.

"Коомдук жайларга кафе, ресторандар, мектеп, бала бакча, базарлар, түрдүү соода борборлору кирет. Алардын тосмосу башталган жерден тартып май куюучу жайдын тосмосуна чейинки аралык 50 метрден кем болбош керек. Ал эми көп кабаттуу үйлөр жеке менчик болуп эсептелет, ошентсе да буларга деле ушул эреже тиешелүү. 25 метр аралыкта болуучу имараттар булар адам көп келбеген кандайдыр бир жабык жайлар. Алардын аралыгы терезесинен май куюучу колонкага чейин эсептелет", — деди Адиев.

Ал ошондой эле май куюучу жайлар күнөөлүүдөй көрүнгөн кээ бир жагдайларда май куюучу жай эмес, анын жанына кийин түшкөн курулуштардын мыйзам бузгандыгы аныкталарын кошумчалады.