5 жашар кызды бактын бутагы басып калды. Кара-Кулжадагы шамалдын кесепети

Последствия сильного ветра в селе Жаны-Талаа
Шаршемби күнү кечинде болгон шамалдан турак үйлөр да жабыркаган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Жаңы-Талаа айылында болгон катуу шамалдын айынан беш жашар кызды талдын бутагы басып калган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

"Наристе ооруканага жеткирилген. Учурда абалы жакшы", — деп айтылат билдирүүдө.

Кечээ, шаршемби күнү, саат 19.50лөр чамасында болгон катуу шамал 15 турак үйдүн 72 даана, 13 сарайдын 221 даана шиферин учурган.

ӨКМдин Кара-Кулжа райондук бөлүмүнүн башчысы жана Жарандык коргонуу комиссиясы окуя болгон жерде иштеп жатканы айтылды.