БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Бишкекте Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына (ДКО) кирген спорттук улуттук түрлөрүнүн фестивалы өтөт. Бул тууралуу ДКОнун катчылыгынан билдиришти.
26-май күнү "Бишкекпарк" соода борборунда боло турган иш-чарага кирүү акысыз.
Фестивалдын алкагында балдар арасында тогуз коргоол боюнча эл аралык сынак өтөт. Ошондой эле III Көчмөндөр оюндарына кирген спорт түрлөрү боюнча мастер-класстар көрсөтүлөт.
Иш-чаранын бардык катышуучулары улуттук кийимчен чыгат.
Мындан тышкары, бул жерге келгендер жергиликтүү артисттердин аткаруусундагы энто-ырларга жана бийлерге күбө болуп, коноктор эстелик үчүн жаачы жана бүркүтчүлөр менен сүрөткө түшө алат.
ДКО 2018-жылдын 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт.