ESPN дүйнөнүн атагы таш жарган спортчуларын атады

Рейтинг түзүүдө эксперттер спортчунун кирешеси, соцтармактагы таасири жана интернетте изделгенине караган.
Sputnik

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. АКШнын ESPN телеканалы өзүнүн сайтына дүйнөнүн эң атактуу 100 спортчусунун аты-жөнүн жайгаштырды.

Тизменин сап башында "Реал Мадрид" футбол клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду турат. Белгилүү спортчу ушуну менен үчүнчү жыл катары менен биринчиликти бербей келүүдө. Роналду мындай ийгиликке соцтармактагы популярдуулугу жана жарнамалык келишимдери менен жетишкени айтылат.

Forbes журналы дүйнөнүн эң таасирдүү лидерин атады
Экинчи орунду баскетболист Леброн Жеймс ээлеген. Ал эми үчүнчү сапта аргентиналык футболчу Леонель Месси турат. Дагы бир белгилүү чабуулчу Неймар төртүнчү сапка чыккан. Ал эми рейтингде бешинчи болуп швейцариялык теннисчи Роджер Федерер келе жатат.

Мыкты он спортчунун катарына гольфчу Тайгер Вудс, баскетболчу Кевин Дюрант, теннисчи Рафаэль Надаль, баскетболчу Стефен Карри жана дагы бир гольфчу Фил Микельсон кирген.

Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен аталган рейтингдин 61-сабында казакстандык боксчу Геннадий Головкин турат.

Рейтинг түзүүдө эксперттер спортчунун тапкан кирешеси, анын социалдык тармактагы таасири жана интернеттен изделиши сыяктуу үч критерийге басым жасаган.