Нерпа аны тартып жатканын көрүп, канатын булгалап камерага түштү. Видео

Жаныбар камерага тартып жаткандарды бир аз карап туруп, анан канаттарын шашпай булгалап жатканын көрүүгө болот.
Sputnik

Жапайы жаратылыш боюнча финляндиялык фонд социалдык тармакка кызыктуу видео жайгаштырды. 

Баласынын өлүгүн башкаларга ыраа көрбөгөн буйволдун видеосу
Көптөрдүн көңүлүн буруп, жылмаюу тартуулаган видео Сайма көлүндө тартылган.

Каарман Пуллерво аттуу эркек нерпа экен. Ташта күнчубактап жаткан жаныбар аны камерага тартып жаткандыгын бир аз карап туруп, анан канаттарын шашпай булгалап койгонун көрүүгө болот.

Интернетке тарап кеткен бул видео көптөрдүн көңүлүн буруп, ар кыл пикирлер жазылган. Алардын арасында нерпа колун булгалабай эле, аны жүдөткөн чымын-чиркейлерден коргонуп жатат дегендер да болду.

Буга чейин интернетте арстан иттин бутун өөп эркелетип жаткан видео тараган.