Instagram миллион киши күткөн функцияны ишке киргизди

Жаңы опция досуңдун баракчасына жазылуудан баш тартпай туруп эле, анын постторун көрбөй коюуга шарт түзөт.
Sputnik

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Instagram "четке кагуу" кнопкасын " (англисче версиясында — mute), ишке киргизгенин Тhe Verge басылмасы жазды. 

WhatsApp мессенджеринде тайпалык чаттарга тиешелүү жаңы функциялар пайда болду
Бул функция кайсы бир досуңдун баракчасына жазылуудан баш тартпай туруп эле, анын постторун көрбөй коюуга шарт түзөт.

Бул опцияны активдештирүү үчүн достуктагы адамдын профилинин жогору жагынын оң бурчундагы "…" белгисин басып коюу жетиштүү. Функцияны өчүрүү үчүн дал ошол эле аракетти кыласыз.

Эң негизгиси Instagram-досуңуз сиз анын постторун көрүүдөн баш тартканыңызды билбейт. Бирок сиз аны менен байланышып, ал сиздин сүрөттөргө койгон "лайктарын" көрүп, комментарийлерин окуй аласыз.