Парламент Жогорку сотко судья болом дегендердин экөөнү гана бекитти

Бир катар депутаттар талапкерлерге каршы чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Жогорку Кеңеш пленардык жыйында Жогорку соттун судьядыгына беш талапкердин ичинен экөөнү бекитти. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жогорку Кеңешке Кыдык Жунушбаев, Ирина Воронцова, Дамира Орозова, Нургүл Бакирова жана Айдарбек Алымкуловдун талапкерлиги сунушталган.

Бир катар депутаттар аларга каршылыгын билдиришкен. Рыскелди Момбеков алар мурдагы президент Бакиевдин доорунда иштегенин айтса, Жанар Акаев элдин 99 пайызы ишенбейт деген пикирин кошумчалады.

1 / 2
Жогорку Кеңеш пленардык жыйында Жогорку соттун судьядыгына беш талапкердин ичинен экөөнү бекитти.
2 / 2
Жыйынтыгында президент тарабынан талапкерлиги көрсөтүлгөн Кыдык Жунушбаев менен Нургүл Бакирова бюллетень аркылуу жашыруун добуш берүүнүн натыйжасында Жогорку соттун судьялыгына шайланышты.

"Соттор үчүн кудайдан кийинки эле адам болуп калган Манас Арабаев деген адам иштен кетти. Бул жерге келген талапкерлердин көпчүлүгү Арабаевдин бөрк ал десе баш алган кадрлары. Бүгүн бул бешөөнү тең жыгышыбыз керек. Сот системасында жаңы кадам баштай турган учур келди", — деди Акаев.

Жыйынтыгында президент тарабынан талапкерлиги көрсөтүлгөн Кыдык Жунушбаев менен Нургүл Бакирова бюллетень аркылуу жашыруун добуш берүүнүн натыйжасында Жогорку соттун судьялыгына шайланышты. Ал эми Ирина Воронцова, Дамира Орозова, Айдарбек Алымкулов жетиштүү добуш топтой алган жок.