Кыргыз-тажик чек арасындагы ар бир кыймыл эми камерага тартылып турат

Чек арачылар эми камера менен жүрө турган болду.
Sputnik

БАТКЕН, 23-май — Sputnik. Кыргызстандын Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен аймагында ар бир аракет мындан ары эми видео каттагычка түшүрүлөт. Анткени чек ара аймагындагы талаш-тартыштуу учурлар, чырлуу маселелердин баары териштирүү учурунда далил менен болуусу үчүн эл аралык уюмдар чек ара кызматкерлерине видео техника берди.

Баткен облустук чек ара башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Кыялбек Төлөнбаевдин айтымында, чек арада чыр-чатак катталган учурда кайсы тараптан тартип бузуу катталганын аныктоо кыйынга туруп келген. Эми видео каттагычтар тастыктап берет.

"Жыл башынан бери кыргыз-тажик чек арасында эки ирет чыр катталды. Анда кайсы тарап чек ара тартибин бузгандыгын аныктоо кыйынга турчу. Ал эл аралык уюм тарабынан келген 77 даана чакан видео камераны кыргыз-тажик чек арачыларына беребиз", — деди Төлөнбаев.

ФСБ Балыкчыдагы турак жайларын кыргыз чек арачыларына тапшырды
Кыргыз-тажик чек арасы 970 чакырым. Ал 450 чакырым тилке тактала элек болгондуктан, чыр аталган аймакта көп чыгып турарын кошумчалады.

Өткөн жылы Баткен облусу менен Согди облусунун чектешкен аймагында чек ара тартибин бузган 10, быйыл жыл башынан бери эки учур катталды.

Буга чейин Кыргыз-өзбек "Достук" көзөмөл өткөрүү бекетиндеги чек арачылар видеокаттагыч менен камсыз болгон.

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында соңку жаңжал 12-майда катталган.