Радио

Баймурзаев: аз саат менен иштеген мугалимдер кыскартылмай болду

Билим берүү жана илим министрлигинин бюджет саясаты боюнча башкармалыгынын башчысы Мухтарбек Баймурзаев мугалимдерге саат бөлүштүрүүдө босого жүктөм киргизүү менен алардын айлык маянасы көбөйөрүн айтты.
Sputnik
Баймурзаев: аз саат менен иштеген мугалимдер кыскартылмай болду

Босого жүктөмдөн өтпөй калган мугалим бала бакчада иштесе болот. Эч ким ишсиз калбайт. Бул тууралуу Мухтарбек Баймурзаев Sputnik Кыргызстан радиосуна министрдин мугалимдерге саат бөлүштүрүүдөгү босого жүктөм боюнча буйругун талкуулап жатып билдирди.

Анын айтымында, аз саат менен иштеген мугалимдер кыскартылып, калгандарынын маянасы жогорулайт.

"2011-жылы өкмөттүн токтому менен мугалимдердин айлык маянасын төлөөдө жаңы система кирген, бирок анда босого жүктөмү, башкача айтканда мугалимдердин окуу сааттарын бөлүштүрүү боюнча нормативдик акты каралбай калган. Ошонун негизинде сааттар майдаланып бөлүнө баштаган. Натыйжада эки мугалим окутуп жетишчү сааттар 4-5 мугалимге бөлүнүп кеткен. Мындай болгондо мугалимдердин айлыгы азаят жана билим сапатынын төмөндөшүнө жол ачылат. Андыктан 2018-2019-окуу жылынан тарта жаңы буйрук күчүнө кирет", — деди Баймурзаев.

Ал ошондой эле кыскартууга дуушар болгон мугалимдер кайрадан атайын даярдоочу окуу курстарынан өтүп, бала бакчаларда иштей алышарын кошумчалады.