ӨКМ: абайлагыла, Бишкекке катуу шамал жакындап келе жатат

Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүндүгү айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жакынкы үч саатта катуу шамал болушу мүмкүн. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

Аталган министрликтен шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүндүгүн билдирди. Андан сырткары, ал түнкүсүн кайталанышы мүмкүн деген божомолду кошумчалашты.