Тоого кар жаайт! Бейшембиге карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. 24-майда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Бишкектин бир бөлүгүндө муздак суу өчүп калды. Себептери
Маалыматка ылайык, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Нарын, Ысык-Көлдө жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй менен Таласта абанын температурасы 18…23 градуска чейин көтөрүлөт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 19…24 градус жылуу болот. Ысык-Көл менен Нарында 12…17 градус нөлдөн жогору болору айтылды.

Бишкек менен Ош шаарларында күндүз жаан жаайт. Борбор калаада күндүн табы 20…22 градуска чейин көтөрүлсө, Ош калаасында 21…23 градус жылуу болот.

Буга чейин Нарын менен Ысык-Көлдө үшүк жүрөрү айтылган.