Россияда балкондо жарым саат асылып турган бала аман калды. Видео

Күбөлөр кичинекей бала алтынчы кабаттын терезесинен кулап баратып карнизди кармап калганын айтышкан.
Sputnik

Эки баласы товар менен кошо күйүп кетти... Өрт өчүрүүчү Садыралиев менен маек
Россиянын Киров шаарында 11 жаштагы тестиер карнизди кармап балкондо жарым саат асылып турганын РИА Новости жазды.

Бул окуя боюнча полицияга 21-майда саат 16.00дөр чамасында чакыруу түшкөн. Күбөлөрдүн айтымында, ал бала 6-кабаттын терезесинен кулап баратып, акыркы секунддарда парда илгичти кармап калган. Апасы аны колунан кармап калууга үлгүргөн.

Куткаруучуларга чейин Кайгуул көзөмөл кызматы келип, алардын бирөө астыңкы кабаттагы батирге кирип, үй ээси экөө баланы бутунан жөлөп турушкан. Анан куткаруучулар аны автошаты менен алып түшүшкөн. Тестиер жаракат алган эмес.

​Бул боюнча ЖМКларга жарыялагандан кийин Россиянын облустук Тергөө комитети окуя болордун алдында баланы апасы урушуп, сабаган деген жагдайды териштире баштаган.