Аргымактар алкынып, туягынан от чыкканда. Ат чабыш жана жорго салыштын эрежеси

Ат чабыштын түрлөрүнө аргымактардын алыскы аралыкка чуркоосу жана жорголордун жарышы кирет. Бул оюндар республикалык "Манас оюндары" спартакиадасынын программасына киргизилген. Мындан сырткары жылына үч жолу республикалык турнир өтүп турат.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттиги III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыгы, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги менен биргеликте быйылкы Көчмөндөр оюндарына киргизилген спорттун түрлөрүнүн эрежелерин даярдамакчы. Бул ирет ат чабыш менен тааныштырабыз.

I. Ат чабыш оюнунун эрежеси

Ат чабыштын улуттук түрлөрүнө аргымактардын алыскы аралыкка чуркоосу жана жорголордун жарышы кирет. Ат чабыштын улуттук түрлөрү аттардын жашына жана чуркоочу аралыгына жараша да бөлүнөт.

1. Ат чабыш — бардык курактагы күлүктөрдүн алыскы аралыкка, тагыраагы, 22 чакырымга чабылышы.

2. Кунан чабыш — эки жаштагы күлүктүн 11 чакырым аралыкка чабылышы.

3. Жорго салыш — бардык курактагы жорголордун 11 чакырым аралыкка чабылышы.

4. Бышты жорго —үҮч жашар быштылардын жорголотуп 6 чакырым аралыкка чабылышы.

Жылкылардын тукуму боюнча чектөө жок.

12 машина уткан "Вулкан", 40 миң доллар тапкан "Карат". Эң мыкты буудандар кимдики?
Оюндун алдында калыстар тобу ар бир жылкынын тишине карап жашын текшерет. Эгер жашы боюнча эрежеге дал келбесе жарышка кое берилбейт. Бир күлүк программадагы оюндардын бирөөнө гана катышат алат.

Улуттук ат чабышка квалификациясы жок чабандес деле практикалык көнүгүү болсо жана эрежелерин билсе катыша алат.

Чабандес балдардын ата-энесинин оюнга катышууга берген уруксат кагазы талап кылынат.

Чабандестин эң төмөнкү жашы 12 жана салгмагы 25 килограммдан кем эмес болууга тийиш.

Мелдеш убагында чабандестин ден соолугуна минген аттын ээси жана анын машыктыруучусу жооп берет.

II. Жарышты баштоо эрежелери

Аттар марадан ары 30 метр алыстыктан коё берилет. Ал эми катышуучулардын катарга тизилүүсү бузулса, андан улам старт берүүчү калыс желегин ылдый таштай электе катышуучулар чийинден өтүп кетсе фальстарт болуп эсептелинет да катышуучулар кайрадан баштапкы жерине тизилет.

Бардык катышуучулар старт эрежесин сактоого милдетүү жана старт берүүчү калыска баш ийиши шарт.

Ат чабыш башкы калыстын белгиси жана старт берүүчү калыстын буйругу боюнча, ошондой эле биринчи ат старт чийининен өтүп кеткен учурда башталды деп эсептелинет.

Эгерде күлүк чабандеске баш ийбей же жанындагы чабандес, күлүктөргө зыян келтире турган болсо, анда ошол ат чапкан бала күлүгү менен калыстардын чечиминин негизинде жарыштан четтетилет.

III. Жорго салыштын эрежеси

ДКО: мыкты спортчулар "Көчмөндөр оюнунун жеңүүчүлөр китебине" кирет
Эгерде жорго үч жолу жүрүшүн бузуп чаап өтүп кетсе, жаңылды деп эсептелинет. Үч жолкусуна чейин (Бышты жоргодо төрт жолуга чейин) жорго жүрүшүн оңдоп кетсе кечиримдүү.

Жорго жүрүшүнөн жаңылып 14 жолу чапса, калыстар ошол замат жоргону жарыштан четтетет.

Жоргонун туура эмес жүрүшү деп оң-сол жагы бирдей синхрондуу жүрбөсө жана таскак жүрүшүнө өтүп, туура эмес жүрүш менен чуркап 14 жолу жаңылса жарыштан четтетилет.

Болгон аралыкты эрежени бузбай жүрүп, ал эми мара сызыгын жорго жүрүшүн бузуп чаап өтүп кеткен жорго да четтетилет.

Бышты жорго менен жорго салыштын эрежеси аттардын жашы жана чуркоо аралыгы боюнча гана айырмаланат.

IV. Ат чабыштын эрежеси

Чабандес артында келе жаткан күлүктөрдөн кеминде үч корпус алдыда болгон учурда гана жүрүү багытын алмаштыра алат. Марага түз чыкканда чабандестер катарды бузбай артта келе жаткан күлүктөргө оң жана сол жагынан озуп кетүүгө мүмкүнчүлүк бериши керек.

Марага жакындап келе жатканда өзү минип бара жаткан атын гана камчылаганга уруксат. Мыкаачылык менен атты камчылаганга тыюу салынат. Камчынын узундугу 125 сантиметрден ашпоого тийиш. Жанында бара жаткан атты камчылаганга болбойт. Бул учурда күлүк байгелүү орундан четтетилет. Мара белгисин өткөндөн кийин камчы чабууга тыюу салынат.

Чабандес биринчи жолу эреже бузганда эскертүү алат. Экинчи жолу эреже бузса эки жарыштан четтетилет. Ал эми үч жолу эреже бузса ат чабыш сезону аяктаганча бир да оюнга катышпайт.

ДКО-2018: Алыш күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт
Эгерде чабышка бир саяпкердин же ат ээсинин эки аты чыгып, анын бирөөсү өзү менен чогуу келген аттын байге алышына жардам берип, башкаларга тоскоол кылса анда ошол экөө тең байге орунунан четтетилет. Эгерде бир катышуучу кокусунан жолун тосуп алса, байге ордун бөлүштүргөндө катышуучу тоскоол кылып койгон күлүктөрдүн артынан орун алат, бирок тоскоол кылбаган аттардын алдында болот. Ал эми атайлап жасаган тоскоолдуктун натыйжасында байгелүү орунга жетип калса, калыстар тобу тарабынан байгеден ажыратылат. Ошондой эле күлүк марага атайын чабылуучу жол менен келбесе эсепке алынбайт. Күлүктү чабышка катышпаган ат сүрөсө дагы байге берилбейт.

Белгилей кетсек, ат чабыш менен кунан чабыштын эрежеси аттардын жашы жана чуркоо аралыгы боюнча гана айырмаланат.

V. Ат чабышта төмөнкү учурда эреже бузулду деп эсептелинет:

— Тиешелүү ылдамдыкта жүрбөсө калыстар тобу ат чабышты токтотконго жана ат чабыш болбой калды деп чечим чыгарганга укуктуу.

— Жүрүү багытын артта келе жаткан аттардан үч корпус өтүп алмаштырбаса, ал жолду торогонго барабар.

— Жанында бара жаткан күлүктү оңго же солго түртүп салуу.

— Чаап бара жатып багытын улам-улам алмаштыруу.

— Бир атты эки жагынан кысып салуу.

— Ылдамдыкты азайтуу.

— Ат чабышка катышып жаткан башка күлүктөргө жардам берүү.

— Старт эрежесин бузуу.

— Камчыны туура эмес колдонуу.

— Атты туура эмес башкаруу.

— Чабандестердин кыйкырык салуусу.

VI. Эреже бузуу боюнча жоопкерчилик

Эрежени бузган саяпкерлер жана чабандестер шарт-талапта көрсөтүлгөндөй жазасын алат. Эреже бузуу түрү жана конкреттүү тыюу салынган иш-аракети, ошондой эле оор баскычы боюнча классификацияланат:

а) Майда эреже бузуу

— Эгерде катышуучу эреже бузуунун натыйжасында башка катышуучуга, көрүүчүгө жана ат майданына зыян келтирбестен, жарышты эреже боюнча өткөрүүгө тоскоолдук кылса майда эреже бузду деп саналат.

б) Одоно эреже бузуулар

— Эреже бузуп катышуучуларга, көрүүчүлөргө жана ат майданына зыян келтирсе;

— Одоно эреже бузууга жолду тороо, башка атты камчы менен сабоо, башка күлүктөрдү түртүп салуу жана кысуулар кирет.

— Ушул эрежелерди сактоо жана тартип бузууларга чара көрүү калыстар тобунун милдети болуп саналат.

VII. Калыстар тобунун укугу:

— Майда тартип бузгандарга оозеки айтуу, эскертүү берүү жана катуу эскертүү берүү;

— Одоно тартип бузгандарды байгелүү орундардан четтетүү;

— Чабандести ат чабыштан четтетүү, ат ээси менен саяпкерге айып салуу;

— Калыстар тобу чабандес менен саяпкерге спорттук кыймылга жана моралдык принциптерге шек келтиргендиги үчүн эскертүү бере алат.

— Алдын ала билип ат чабыш учурунда денесине залал келтирсе жана атайын утулуп берсе күлүк байгелүү орундан ажыратылат.

VIII. Катышуучулар жарыштын жыйынтыгына канааттанбаса:

— Жаза алгандар үч күндүн ичинде арызы менен кайрыла алат.

— Ат чабыштын жыйынтыгына нааразы тарап арызды ат чабыш бүткөндөн эки саатан кийин жаза алат.

— Акыркы чечим көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Ал эми калыстар тобунун коллегиясынын чечими менен чекит коюлуп, кайра каралбайт.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрында Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо башталат. Мелдештин курамына спорттун 37 түрү бекитилип, анын жол-жобосу 104 өлкөгө жиберилген. Спорттун түрлөрүнө 15 мамлекеттин улуттук оюндары киргизилген.