"Ала-Тоо" аянтында Subaru токтоп турган автоунааларды сүзүп кетти

Окуяга күбө болгон кишинин айтымында, автокөлүк жолдон чыгып кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. "Ала-Тоо" аянтында Subaru Forester токтоп турган автоунааларды сүзүп кетти. Бул туурасында окуяга күбө болгон киши кабарлады.

1 / 4
"Ала-Тоо" аянтында Subaru Forester токтоп турган автоунааларды сүзүп кетти
2 / 4
Айдоочу каршысында келе жаткан жол тандабасты айланып өтөм дегенде суу болгон асфальттан тайгаланып, жол жээгинде токтоп турган автоунааларды сүзүп кеткен.
3 / 4
Subaru Forester жакшы эле ылдамдык менен келе жатканы байкалганын айтты.
4 / 4
Кырсыктын кесепетинен токтоп турган Mitsubishi Pajero жана Audi-100 жабыркаган.

Анын айтымында, айдоочу каршысында келе жаткан жол тандабасты айланып өтөм дегенде суу болгон асфальттан тайгаланып, жол жээгинде токтоп турган автоунааларды сүзүп кеткен. Subaru Forester жакшы эле ылдамдык менен келе жатканы байкалганын айтты.

Кырсыктын кесепетинен токтоп турган Mitsubishi Pajero жана Audi-100 жабыркаган. Жол кыймылы боюнча коопсуздукту камсыздоо башкармалыгынан жол кырсык туурасында кечирээк маалымат беришерин айтышты.