Шаршембиге карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Шаршембиде күндүн экинчи жарымында жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн экенин Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Күндүн табы Чүй облусу менен Баткен дубанында 21…26 градуска чейин көтөрүлсө, Талас, Ош менен Жалал-Абадда 20…25ке жетет. Ысык-Көлдө 15…20, Нарында 14…19 градус жылуу болот.

Бишкекте кечке маал, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Борбор калаада 24…26, түштүк калаада 20…22 градус жылуу болору айтылды.