Көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт түндө өчүрүлдү

Тилсиз жоого каршы жеринде өрт өчүрүүчү үч бригада иштеди.
Sputnik

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Борбор калаанын Аалы Токомбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу, курулушу толук бүтө элек үйдөн чыккан өрт түндө саат 23.48де өчүрүлдү. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Өрт имараттын 11-кабатынан чыккан.

Окуя болгон жерде өрт өчүрүүчү үч бригада иштеп, тилсиз жоо 22:44тө чектелип, толугу менен бир сааттан кийин өчүрүлгөн. Маалыматта 200 чарчы метр жыгач опалубкалар күйгөнү айтылды. Ушу тапта өрттүн себеби такталып жатат.

Өрттүн кандай болгонун Sputnik Кыргызстандын видеоматериалынан көрсөңүз болот.