Радио

Мамашов: жолдорду оңдоп-түзөө иштери октябрь айында аяктайт

Капиталдык курулуш башкармалыгынын шаар жолдору бөлүмүнүн башчысы Темирбек Мамашов учурда Бишкекте 35 көчөдө ондоп-түзөө иштери жүрүп жатканын айтты.
Sputnik
Мамашов: жолдорду оңдоп-түзөө иштери октябрь айында аяктайт

Азыркы кезде Бишкекте ондолуп жаткан жолдордун ремонту октябрь айында аяктайт. Бул тууралуу Темирбек Мамашов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, шаар ичиндеги жолдор эки долбоор боюнча ондолуп жатат.

"Биринчи долбоордо каралган жолдордун 70 пайызы ондолуп бүттү. Калган 15 чакырым жолдун ремонту июнь айында башталат. Ал эми толук октябрь айында бүтүрүүнү пландап жатабыз", — деди Мамашов.

Ал 1992-жылдан баштап 2000-жылга чейин Бишкектеги бир дагы жол ондолбогонун кошумчалады.