БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Россиянын лидери Владимир Путин менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Кремлдин сайтына жазылды.
Эл аралык иштер боюнча пикир алышуу маалында Мирзиёев жакында эле АКШга болгон сапары тууралуу Путинге айтып берген.
Буга чейин Өзбекстандын башчысы 16-17-май күндөрү АКШга расмий иш сапары менен барып, Дональд Трамп менен жолугушкан болчу.
Ошондой эле баарлашуу учурунда 2017-жылы Мирзиёевдин Россияга болгон сапарынын алкагында кабыл алынган эки тараптуу келишимдерди ишке ашыруу маселелери талкууланган.
Эки тарап мындан ары да стратегиялык өнөктөштүктү, саясий жана соода-экономикалык чүйрөдөгү кызматташууну бекемдөөгө кызыкдар экенин белгилешти.