Бензин менен дизель канчага кымбаттарын мунай ташуучулар кабарлашты

Май айында россиялык мунай затын кайра иштетүүчү заводдордун чыгарган продукциясы 10 пайызга өскөн.
Sputnik

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Жакынкы айларда бензин жана башка мунай заттары 5-10 пайызга кымбатташы мүмкүн. Бул туурасында Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынан кабарлашты.

Январь-апрель ичинде бензин орто эсеп менен 0,75 сомго, ал эми дизель майынын наркы эки сомго кымбаттаган.

"Баанын кымбаттоосу май айынын ортосунда россиялык мунай затын кайра иштетүүчү заводдордун чыгарган продукциясы кескин көтөрүлүп кеткендиктен улам болду. Январь-апрель айларында Россия рыногунда кымбаттоо орто эсеп менен алты пайызды түзгөн. Бирок май айынын ичинде 10 пайызга чыгып кеткен", — деп айтылат таратылган маалыматта.

Кыргызстанда эң кымбат жана эң арзан бензинди кайдан табууга болот
Нефтетрейдерлердин айтымында, Европада да мунай заттары кымбаттаган. Бул Европа багытына чыккан россиялык продукциялардын экспортуна таасирин тийгизди. Ал аталган мамлекеттин башка рынокторго, тагыраагы Кыргызстанга да келип жаткан күйүүчү жана майлоочу майлардын баасын жогорулатканы айтылган.

Маалыматта сезондук фактор да болуп жатканы кошумча кабарланды.

"Жогорудай жагдайлардан улам Кыргызстанда да баа кымбаттайт. Жакынкы айларда бензин жана башка мунай заттары 5-10 пайызга кымбатташы мүмкүн", — деп айтышты алар.

Нефтетрейдерлер баага көз салып, анын кескин көтөрүлүп кетпешин көзөмөлдөп турарын айтышты.