Казакстанда Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча дил баяндар сынагы жарыяланды

Иш-чаранын уюштуруучусу — Кыргызстандын Алматыдагы генералдык консулдугу.
Sputnik

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Жазуучунун 90 жылдыгына карата Кыргызстандын Алматы шаарындагы Генералдык консулдугу "Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын менин жашоомо тийгизген таасири" темасында дил баяндар сынагын жарыялады. Бул туралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Айтматовдун "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" повести боюнча кино тартылат
Сынакка катышуу үчүн расмий же мамлекеттик тилде жазылган эмгектерди төмөндөгү дарекке жөнөтүү зарыл: Казакстан, Алматы шаары, Луганская көчөсү, 30а же kr.gk@mail.ru электрондук дареги. Кабыл алуу мөөнөтү 27-май саат 18.00гө чейин уланат.

Сынакка Алматы, Жамбыл, Кызыл-Ордо, Түштүк-Казакстан облусунун жана Алматы шаарынын 12ден 25 жашка чейинки тургундары катыша алат.

Тандоонун жыйынтыгы менен жеңүүчүлөргө баалуу белектер каралган.