Радио

Шамырканова: долбоор жазууда идеяны туура сунуштоо керек

Борбордук Азиядагы IDEA программасынын долбоорлор координатору Нурайым Шамырканова жаштар долбоор жазууда дыккаттык менен бардык шарттарды эске алуусу керектигин айтты.
Sputnik
Шамырканова: долбоор жазууда идеяны туура сунуштоо керек

Долбоор жазууда идеяны туура сунуштоо керек. Бул тууралуу Нурайым Шамырканова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, көпчүлүк жаштар долбоор жазууда быша элек идеяны сунуштап, жыйынтыгында ал өтпөй калат.

"Долбоор жазган адам конкреттүү далилдерге таянып, идеяны туура сунушташы керек. Көпчүлүк учурда айтайын деген ойду туура эмес түшүндүрүп же жеткире албагандыктан долбоорлор өтпөй калат", — деди Шамырканова.

Ал ошондой эле жашоо жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана аналитикалык ой жүгүртүү багытындагы долбоорлор азыркы кезде жаштардын алга жылуусуна шарт түзөрүн кошумчалады.