БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери дайынсыз болуп жаткан 40 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну Сайпидин Исламовду издеп жатат. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден маалымдашты.
Пропавший в Бишкеке житель Джалал-Абадской обалсти Сайпидин Исламов
© Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека
Милициядан кабарлашкандай, Исламов үстүбүздөгү жылдын апрель айында Ноокат районундагы үйүнөн Бишкек шаарына кеткен. 19-апрелге караган түнү борбор калаадагы Коммунаров көчөсүндө жайгашкан кийим тигүү цехинен чыгып кетип, ошону менен үйүнө кайтып келген эмес.
Өзгөчө белгилери: бою 170 сантиметр, арыкчырай, чачы менен көздөрү кара.
Шаардык милиция Исламов тууралуу билген адамдардын бардыгын Бишкектеги Биринчи Май райондук ИИББине төмөнкү номурлар аркылуу 0(312) 56-82-60, 0(550) 102-170, (0701) 41-19-79, (0555) 66-56-53, (0550) 102-486 байланышууну суранат.