Астанада кум аралаш бороон-чапкын жүрдү. Видео

Бороондун кесепетинен 13 адам ооруканага кайрылган.
Sputnik

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Астанада шейшемби күнү катуу бороон болуп, мөндүр жаады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.

Буга чейин синоптиктер Астанада аба ырайы төмөндөп жамгыр жаай турганын эскерткен.

Административдик мекеме, эл арасында "Пирамида" деп аталган имараттын айнектен жасалган фасады мөндүрдөн жабыркаган.

Видеодон бороонго туруштук бере албаган кран жерге кулаганын да көрүүгө болот.

Казакстандын борборунун акимиаты тараткан маалыматка караганда, бороондон бир нече имарат менен унаалар жабыркап, ооруканага жеңил жаракат алган 13 адам кайрылган.