УКМК экс-мэр Кулматовго айыбын угузду. Чоо-жайы

Ага карата Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (Коррупция) боюнча айып тагылды.
Sputnik

БИШКЕК, 21-май. — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматынын экс-жетекчиси Кубанычбек Кулматовго УКМК тарабынан айып тагылды. Бул тууралуу аталган ведомство кабарлады.

Маалыматка ылайык, ага карата Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (Коррупция) боюнча айып тагылды.

Грантка курулат деген мектеп эмнеге бюджеттин 109 млн. сомун сорду? Кайра эле ТВЕА
"Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турганда ТBEA тарабынан эки мектептин курулушуна берилген гранттык каражаттын 2 миллион долларын мыйзамсыз пайдаланган. Башкача айтканда, ал каражат аймактарга эки мектеп салууга берилсе, Кулматов аны өкмөттөн мэриянын карамагына өткөртүп, "Калыс-Ордо" жаңы конушуна мектеп салуу шылтоосу менен бөлдүртүп алган. Экс-мэр "Альто Групп" ишканасынын жетекчилиги менен сүйлөшүп, сынаксыз эле келишимге кол коюп, кытай компаниясынан 1 миллион доллар бөлдүртүп алган. Аталган конуштагы мектепти салууга шаардык бюджеттен кошумча 100 миллион сом да бөлүнгөн", — деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Мындан тышкары, подрядчы компаниянын жетекчилеринин бири да кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эске салсак, кечээ Кубанычбек Кулматовдун үйү тинтүүгө алынганын Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарындагы жеке булактар билдирген.