Үнү күрүлдөп чыккан айбаттуу С-130 Hercules учагы жерде турган аскер кызматкеринин башынан бир метрдей эле өйдөрөөк учуп өткөн видео тарады. Жүрөктөн үшүн алган бул учур YouTube каналына жайгаштырылды.
The Drive окуя Йеменде болгонун жазды. Сауд Аравиясы буга чейин С-130 Hercules учактарын "Ансар Алла" уюмунун хусит көтөрүлүшчүлөрүнө каршы күрөштө колдонуп келген.
Кадрда аскердин баш кийими менен фюзеляжга жетүүгө аракет кылган учурун кесиптеши тартып алган.
Видеону көргөндөрдүн бир катары учкучтун чеберчилигин белгилесе, кээ бири бул тобокелге салуу деген пикир жазган.
С-130 Hercules — 20 тонна жүктү көтөрүүгө жөндөмдүү аскердик жүк ташуучу учак. Ага 90дон ашуун аскер жана 60га чукул парашютчу батат.
Sputnik буга чейин АКШда ири учак кан жолго кулап, кишилер көз жумган видеону жарыялаган.