ӨКМ жетекчиси Аксыдагы жер көчүшү мүмкүн деген жерлерге барды

Министр кырсыктын алдын алуу боюнча тиешелүү адистерден сунуш күтөрүн билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов Жалал-Абад облусунун аймагына болгон иш сапарынын алкагында Аксы районундагы кооптуу аймактар менен таанышууда. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

1 / 3
Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов Жалал-Абад облусунун аймагына болгон иш сапарынын алкагында Аксы районундагы кооптуу аймактар менен таанышууда
2 / 3
Билдирмеге караганда, министр Ак-Жол айыл аймагынын Чалк-Өйдө участкасындагы жер көчкү кооптуулугу бар участокту жеринен көрдү
3 / 3
Абалды жеринен көргөн министр кырсыкты алдын алуу боюнча тиешелүү адистерден сунуш күтөрүн билдирген.

Билдирмеге караганда, министр Ак-Жол айыл аймагынын Чалк-Өйдө участкасындагы жер көчкү кооптуулугу бар участокту жеринен көрдү.

"Тегене айылынын Чалк-Өйдө участкасындагы Таш-Көмүр — Кербен багытындагы жолунун оң жээгинде көлөмү 2 500 000 куб метрди түзгөн жерде жарака пайда болуп, төмөн көздөй сүрүлүп автоунаалардын каттамын татаалдаштырган. Ошондой эле 42 даана чубалгы мамычаларына авариялык абал жаралган", — деп айтылат маалыматта.

Абалды жеринен көргөн министр кырсыкты алдын алуу боюнча тиешелүү адистерден сунуш күтөрүн билдирген.