БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Ноокен районундагы Ак-Жийде айылынын Кара-Булак сайында сел агызып кеткен унаада атасы менен баласы болгон. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Абдаширип Бекилов кошумча билдирди.
Маалыматта Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаа аталган сайга 20:30дар чамасында тыгылып, уулу менен атасы машинаны трактор менен тартып чыгара албай койгону айтылган.
Унаа сайда калып, ичиндеги ата-бала жээкке, коопсуз жайга чыккан да, уулу кайрадан автоунааны чыгарууга аракет кылган. Окуя түн ичинде болгон.
"Болжол менен түнкү 10:30-11:30дарда келген сел баланы автоунаа менен кошо 700-800 метр төмөн агызып кеткен. Достору жардамга келгенде атасы уулу машинада экенин көрсөтүп, сайдын, тагыраагы, жардын жээгинде отурган. Балдар машина менен жигитти жээкке чыгарып, кишини отурган жеринен таппай калышкан", — деди Бекилов.
ӨКМдин кызматкерлерине окуяга күбө болгондор жардын жээгинде турган киши жардамга келгендерге уулунун агып бараткан жерин көрсөтүп, тезирээк сактап калуусун суранганын айтып беришкен.
Үй ээсин издеп барган куткаруучу менен милиционер эртең мененки саат 08:10дор чамасында 5-6 чакырым төмөн жактан анын сөөгүн тапкан.