Кыргызстанда кайсы кесипке суроо-талап күч? Рейтинг

Окуу жылы соңуна чыгып мектеп бүтүрүүчүлөрү кесип тандоо менен алек. Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги учурда өлкөнүн эмгек базарында суроо-талап күч болуп жаткан адистиктердин тизмесин сунуштайт.
Sputnik

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 70 миңдей кесипкөй адис жетишпейт. Алардын басымдуу бөлүгү саламаттык сактоо, билим берүү, геология, айыл чарба, жеңил өнөр жай, курулуш тармактарында эмгектенчү жумушчулар.

Рейтинг жеке ишкана, мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча чыгарылат. Анын негизинде кесиптик окуу жайлар менен ЖОЖдорго аталган адистиктерге көбүрөөк бюджеттик орун берүү сунушталат.