100 миң куту тамеки алып бараткан унаа кыргыз-казак чек арасынан кармалды. Сүрөт

Текшере келгенде товардын да, аны алып бара жаткан кишилердин да тийиштүү документтери болгон эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Чоң-Капка" көзөмөл өткөрүү пунктунан жүк ташуучу Mercedes-Benz унаасы кармалып, андан мыйзамсыз өткөрүлүп келе жаткан жалпы баасы беш миллион сомдук 100 миң куту тамеки табылган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

1 / 2
Кыргыз-казак чек арасындагы "Чоң-Капка" көзөмөл өткөрүү пунктунан жүк ташуучу Mercedes-Benz унаасы кармалып, андан мыйзамсыз өткөрүлүп келе жаткан жалпы баасы беш миллион сомдук 100 миң куту тамеки табылган
2 / 2
Маалыматка ылайык, жүк Кыргызстандан Казакстан аркылуу Россияга бара жаткан. Текшере келгенде товардын да, аны алып бара жаткан кишилердин да тийиштүү документтери болгон эмес.

Маалыматка ылайык, жүк Кыргызстандан Казакстан аркылуу Россияга бара жаткан. Текшере келгенде товардын да, аны алып бара жаткан кишилердин да тийиштүү документтери болгон эмес.

"Тамекинин көбүндө Тажикстандын акциздик маркалары бар экен. Жүктү документтерсиз өткөрүүгө жасалган аракети үчүн үч кыргызстандык, бир россиялык жаран кармалды", — деп айтылат билдирүүдө.

Тиийштүү процедуралардан кийин жүк УКМКнын кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Эскерте кетсек, атайын "Бирлик-2018" операциясын Чек ара кызматы УКМК менен бирге ишке ашырды.