Саясатташкан кылмыш иши. Кулматов журналисттердин суроолоруна жооп берди

Экс-мэр ага карата козголгон кылмыш иши жөнсүз экенин айтып, аны саясатка байланыштырды.
Sputnik

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматов ага карата козголгон кылмыш иши саясатка байланыштуу экенин УКМКнын сурагына кирип бара жатып журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, ТBEA тарабынан мектептин курулушуна берилген гранттык каражат максатсыз чыгымдалган эмес.

Грантка курулат деген мектеп эмнеге бюджеттин 109 млн. сомун сорду? Кайра эле ТВЕА
"Ал акчаны мен чөнтөгүмө салып алган жокмун. Тагылган айып да күлкү келтирерлик. Гранттык каражат Чүй менен Ош облустарына мектеп салууга бөлүнүптүр, бирок Бишкек деле Кыргызстандын аймагына кирет да. "Калыс-Ордо" жаңы конушундагы мектеп 2015-2016-жылдары пландалып башталган. Өзүңүздөр билгендей жергиликтүү тургундар ошол мезгилде тынбай митингге чыгышкан. Себеби пайдубалы 2003-жылы эле салынып баштап, кайра чөгүп кетип, окуучулар ар кайсы жактан билим алып жаткан. Аны куруу иштери да оңой болгон жок, көп каражат кетти. Ишенбесеңер мектепти барып көрүп келгиле, Кыргызстанда андай билим берүү жайы жокко эсе", — деди Кулматов.

Ал ошондой эле ага карата козголгон кылмыш иши жөнсүз экенин айтып, аны саясатка байланыштырды.

"Бул жерден мен эч кандай факт көрө алган жокмун. Учурда Атамбаевдин артынан түшүп, саясий шылтоолорду издеп жатышат. Мага тагылган айып да саясатка байланыштуу болуш керек деп ойлоп жатам", — деди Кулматов.

Жээнбеков: коррупция менен күрөшүүдө дос, тууганга карабайм
Эске салсак, Кубанычбек Кулматовго карата Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (Коррупция) боюнча айып тагылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин билдирүүсүндө, Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турганда ТBEA тарабынан эки мектептин курулушуна берилген гранттык каражаттын 2 миллион долларын мыйзамсыз пайдаланган. Башкача айтканда, ал каражат аймактарга эки мектеп салууга берилсе, Кулматов аны өкмөттөн мэриянын карамагына "Калыс-Ордо" жаңы конушуна мектеп салуу шылтоосу менен өткөртүп алган.