БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Бир нече алдамчылык фактысы боюнча 23 жаштагы кыз шектелип жатканын ШИИБ билдирди.
24-апрелде милицияга таксист кайрылып, сүйлөшүп алуу үчүн анын Samsung Galaxy S4 үлгүсүндөгү телефонун алган кардар кыз андан ары из жашырып кеткенин айткан.
Натыйжада Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси ("Алдамчылык") боюнча кылмыш иши козголгон.
"Ыкчам иликтөөнүн жыйынтыгында 23 жаштагы Б.к.А. кармалды. Ал ондон ашык телефонду уурдап алган деп шектелүүдө. Телефондун сегизи таксисттерге тиешелүү экендиги тастыкталып, кылмыш иши козголду", — деп айтылат маалыматта.
Кылмышка шектүү үй камагына чыгарылып, тергөө иштери уланууда.