"Алга" менен "Алайдын" жаңжалы. Чырдын баштапкы видеосу жана милициянын версиясы

Социалдык тармактын колдонуучулары "Алайдын" чабуулчусу Алия Силла менен коргоочусу Шухрат Рахмонов сабалганын жазышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Бүгүн, 21-майда социалдык тармактарда Бишкектин "Алга" футбол клубу менен Оштун "Алай" командасынын ортосунда жаңжал чыкканы тууралуу маалымат тарады.

Окуя 20-майда Кыргызстандын чемпионатынын алкагында Кант шаарында өткөн беттештен кийин болгону айтылууда. Социалдык тармактын колдонуучулары "Алайдын" чабуулчусу Алия Силла менен коргоочусу Шухрат Рахмонов сабалганын жазышкан.

Ал эми Чүй облустук милиция массалык мушташ болду деген маалыматты четке какты. Билдирмеге караганда, командалардын экиден ашык оюнчулары чырдаша кеткен. Жаңжал жекшемби күнү саат 18.00дө болгон.

"Жаңжалга канча футболчу катышканы белгисиз. Чыр-чатак бир команданын оюнчусунун нааразычылыгынан улам чыккан. Бул факты боюнча экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгына жараша юридикалык баа берилет", — деп милициядан билдиришти.

Ошондой эле оюнчулар тарабынан арыз түшкөнүн маалымдашты.

"Алга" футбол клубу YouТube каналына жарыялаган видеодо, жаңжал оюн талаасынан башталганын көрүүгө болот. Бирок ал видеону кечке жуук өчүрүп салышкан, анткен менен интернет колдонуучулар аны соцтармакка бөлүшүүгө жетишкен.

Бул боюнча "Алга" футбол клубунун маалымат кызматы окуя жөн жерден чыкканын билдирди. Анда футболчу Алия Силла белгисиз адамдар менен жаңжалдашканы жана ага "Алганын" кызматкери жана колдоочулары катышпаганы айтылат.

"Мелдеш бүткөндөн кийин "Алай" клубунун оюнчулары белгисиз кишилер менен чатакташкан. Аларды стадиондун күзөтчүлөрү менен укук коргоо органдары жайгарууга аракет кылышты. Мындай окуялар кайра кайталанбашы үчүн Футбол федерациясынын дисциплинардык комитети Силланын жасаган аракеттерине өз баасын берүүсүн сурайбыз", — деп айтылат билдирүүдө.

Бишкекте журналисттерге күч колдонгон соода борбордун күзөтчүлөрү кармалды
Ошондой эле клуб бул аймактык мүнөздөгү чыр-чатак эместигин белгилеп өттү.

Бул боюнча "Алай" клубунан расмий маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Ал эми Кыргызстандын футбол лигасы териштирүү жүрүп жатканын билдирип, азырынча комментарий берүүдөн баш тартты.

Жаңжал менен коштолгон беттеш 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган. Турнирдик таблицада "Алга" биринчи сапта турат. Ал эми Оштун командасы Кыргызстандын азыркы чемпиону.